«Жогорку билим берүү уюмдарында билим берүү процессин уюштуруу үчүн курал катары онлайн курстарды долбоорлоо жана уюштуруу» семинары
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Батыш кампусунун Мамлекеттик жана коомдук башкаруу жогорку мектеби
жана
(РФ) Кубан мамлекеттик университетинин адистерди кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту
“Жогорку билим берүү уюмдарында билим берүү процессин уюштуруу үчүн курал катары онлайн курстарды долбоорлоо жана уюштуруу”
аттуу семинарына катышууга чакырат
Мөөнөтү 07.05.2020
Өтүүчү жери: Cisco Webex/ Microsoft Teams кызмат платформасында онлайн-класс
Чакырылган спикерлер: (РФ) КубМУнун адистерди кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башчысынын орун басары Чуракова О., (РФ) КубМУнун маалыматтык технологиялар Башкармалыгынын башчысынын орун басары Фоменко М.А.,
Бул семинардын максаты — аралыктан окутууну, электрондук окутууну уюштурууда профессордук- окутуучу курамдардын, методисттердин жана адистердин ишин уюштуруу жаатында айрыкча онлайн курстарын түзүүдө тажрыйба алмашуу.
Катышуу акысыз негизде. Катышуунун жыйынтыгы боюнча сертификат берилет (РФ).
06/05/2020 саат 18:00 чейин катталуу: https://forms.gle/ PThVJMZ2kLyNMWAy6.
Иш-чарага чейин катышуу шилтемесине каттоо учурунда көрсөтүлгөн email электрондук почтага жөнөтүлөт.