Окуу процессин башкаруу

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана окуу иштери боюнча проректор

Омурзакова Жылдыз Кубанычбековна

Дареги:720001 Кыргыз Республикасы

Бишкек шаары ,Чүй проспектиси 255

Телефондор:0 312 31 04 67

Email:omurzakova.74@mail.ru

Окуу бөлүмүнүн башчысы

Акматова Гүлсара Кадыркуловна

Email:iukstdep@mail.ru

Менеджер ИСУ

Кулуева Элиза Калыбековна

Email: kuluevae@mail.ru

Студенттер курамы боюнча адис:

Эсенбекова Гульзат Эсенбековна

Email:gulzat.esenbekova@mail.ru

Студенттик курам боюнча адистер жөнүндө маалымат

Окуу бөлүмү университеттеги негизги түзүмдүн бири болуп саналат.Бул бөлүм окуу жайдагы билим берүү процессинде жогорку билим берүү программасы боюнча жана ишке ашырууда шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.  Бул иш мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана окуу иштери боюнча ректордун орун басарына жүктөлгөн. Университеттеги окуу иштери боюнча окутуунун бардык түрлөрүн уюштуруу, укуктук иш-кагаздарды, окуу иштери жана окутуу-усулдук иштерин жүргүзүүдө, окуу иштерин аныктоодо, аттестациянын жыйынтыгын чыарууда, студенттердин контингенттик кыймылы боюнча, окутуу-усулдук иштеринин жыл боюнча жүргүзүлгөн иштеринин отчетторун тапшыруу жумуштарын аткарат.

Окуу бөлүмү окуу процессинин жүрүшүндө окуу пландары жана коюлган графиктер менен даярдалышы жана бекитилиши боюнча бардык маселелерди чечүүгө катыша алат. Бул бөлүм лицензиялоо, аттестация жана аккредитациялоо боюнча документтерди даярдайт. Университетте рейтинг боюнча баалоонун материалдарын даярдайт, профессордук-окутуучулук курамдын пландарыннын жана окутуу жүктөлмөлөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөйт.

Окуу бөлүмү өз ишинде факультеттер жана кафедралар, окуу—усулдук уюм, редаакциялык-басып чыгаруу бөлүмү, маалыматтык-технологиялык борборлор менен бирге тыгыз иш алып барат. Бул башкааруу-уюштуруучулук ишин алып баруунун сапатын көтөрүүгө жол берет.

Окуу бөлүмүнүн иш алып баруудагы негизги максаты:

КРЭАУдагы окуу процессин башкаруу жана контролдоо, уюштуруу, пландаштыруу жана жакшыртуу, окутуучулук-пофессордук курам, окутуучулук-колдоочулук, башкаруу-экономикалык кызматкерлери КРнын билим берүү стратегиясын өнүктүрүүгө ылайык жогорку квалификациялоо адистерди кредиттик технология боюнча даярдоо бөлүмүндө окуган студенттер менен бирге иш алып баруу болуп эсептелет.

Окуу бөлүмүнүн иш алып баруу багыттары:

  • окуу жараянынын учурдагы пландарын түзүү, уюштуруу жана контролдоо.
  • Окутуунун жүрүшүндө жөнгө салуучу, укуктук-ченемдик документтерди жакшыртуу.
  • Университетте окуу жараянынын билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча билдирүүлөрдү даярдоо.
  • Окутуучулук-профессордук пландарынын түзүлүшүн жана иш жүзүндө аткарылышын көзөмөлдөө.
  • Билим берүү боюнча документтерди даярдоо иштери боюнча студенттер менен иш алып баруу.
  • Окуу жараянын бакаруу үчүн чечимдерди, анализдерди жалпылап, ректоратка маалыматтарды жеткирүү.
  • Окуу жараянынын жүрүшү, экзамендик сессиялардын натыйжасы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация боюнча талдоо жүргүзүү.
  • Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча чечимдерди чыгаруу. талдоо жүргүзүү.

Бөлүмдүн негизги милдеттери:

  • Окутуунун бардык түрлөрү боюнча пландарды түзүү, уюштуруу, контролдоо.
  • Студенттердин тажырыйба алуу ишин уюштуруу жана текшерүү.
  • Окутуунун бардык түрү боюнча студенттердин өрөөндөр маалымат базасын түзүүнүн үстүндө иш алып баруу.
  • Окутуучулук түзүмдөр боюнча өз билимдерин өркүндөтүү иштерин уюштуруу, алар боюнча пландарды түзүү.
  • Университеттеги окутуу иштери боюнча талаптарды, отчеттуулуктун бардык түрлөрүн көтөрүп чыгуу.
  • Факультеттерде баллдык система колдонуп окутууну жана студенттердин билимин баалоону уюштуруу.
  • Рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баалоо үчүн документтерди текшерүү, окутуучуларгага ай сайын эмгек акыларына фонддон кошумчаларды төлөөнү уюштуруу.
  • Баскычтуу билим берүү системасына өтүү боюнча иш алып баруу.
  • Окутуу жараянында жаңы технологиялык, активдүү жана интерактивдүү усулдарды иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашырылышын жетектөө.
  • Окуу жайды лицензиялоо жана аккредиттөө боюнча материалдарды топтоо жана камсыз кылуу.
  • Окутуучулардын эмек тартибинин сакталышын, студенттердин катышын, окуу залдарынын күтүлүшүн, окуу жүгүртмөсү боюнча коюлган сабактардын өтүлүшүн текшерүү ж.б.

2019-2020 о.ж. окуу процессинин графиги