Эл аралык бөлүмүнүн негизги миссиясы :

  • Эл аралык майданда Университеттин  аброюн жакшыртуу жана бекемдөө;
  • Университеттин негизги стратегиялык милдетин ишке ашыруу, эл аралык деңгээлге жетишүүгө багытталган окуу жана илимий-изилдөөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн  атаандаштыгын жыйынтыгы;
  • эл аралык макулдашуу жана келишимдердин санын арттыруу, натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • Чет өлкөлүк билим берүү мекемелер , уюмдар, жана фирмалар менен кызматташтык келишимдердин долбоорлору, ниеттер жөнүндө протоколдорду, макулдашууларды даярдоо;
  • чет элдик жогорку окуу жайлар менен, университеттин кызматкерлери жана окутуучулары үчүн алмашуу программаларды ишке ашыруу;
  • студенттер, окутуучулар жана кызматкерлерди чет мамлекеттерде маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк — издөө, талдоо, окутуу жана тажрыйба алуу үчүн гранттар, маалыматтар менен камсыз кылып,  конкурстук программалар жана башка мүмкүнчүлүктөр боюнча маалыматтарды жеткирүү;
  • конференцияларды, семинарларды, дарстарды , ошондой эле эл аралык жайкы мектептерде: эл аралык  уюмдар иш-чараларды өткөрүү;
  • чет өлкөлүк өнөктөштөр (эксперттер, адистер, профессордук-окутуучулар курамы),  маданий-массалык программаларды,  экскурсияларды уюштуруу;
  • Эл аралык долбоорлорго катышуу үчүн табыштамаларды даярдоо боюнча жумушчу топтордун ишин жөнгө салуу, техникалык колдо көрсөтүү жана билдирүү берүүдө кеңеш берүү.

Программалар:

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын  Эл аралык университети студенттер үчүн  төмөнкү түрдөгү  программаларды  сунуштайт:

Кош дипломдуулук  программасы: Программа »  кош дипломдор» чет өлкөлүк өнөктөш окуу жайларында  окутууну , аталган окуу жайдын  билим берүү программасы боюнча окууну аяктагандыгы жөнүндө диплом алууну сунуштайт .

Тилдик такшалуу: Тилдик такшалуу – бул чет тилдин чет өлкөдө интенсивдүү курсу .Мөөнөтү 2-4 жумага созулат

Өнөктөштөр:

  • Бургасс Эркин университети — Болгария
  • Гульельмо Маркони Университети — Италия
  • Болон университети — Италия
  • Варнен Эркин университети — Болгария
  • Пан-Европа университети — Словакия
  • Риж Техникалык университети — Латвия
  • Туриба университети — Латвия
  • Түштүк- Казак педагогикалык университет- Казакстан

Батыш кампусунун Эл аралык байланыштар  боюнча проректору -Джангазиев Калмурат Ишенович

d.kalmurat@gmail.com