Кафедра башчысы медицина илимдеринин доктору, профессор

Каратаев Мадамин Мусаевич

Адрес: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,Чуй пр.255,

№400 кабинет

Телефон: +996 312 61 05 57

E-mail: kafedra-mukr@mail.ru

 

Кафедранын адиси: Каримова Асель Маматовна 

Телефон: +996 312 61 05 57

E-mail: kafedra-mukr@mail.ru

Психология кафедрасы Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин  батыш кампусунун курамында  2016-жылы негизделген.

530300 «Психология» багыты.

Бүтүрүүчүгө ыйгарылуучу академиялык даража — бакалавр.

530300 “Психология” багыты боюнча бакалаврды даярдоонун билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасы — 4 жыл.

Багыттын миссиясы :

«Таанып-билүү. Жардам берүү. Айыктыруу»

  Кафедранын студенттеринин анты:

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

ПСИХОЛОГИЯ  КАФЕДРАСЫ

Таанып-билүү. Жардам берүү. Айыктыруу

Disce. Auxilium. Sana

ПСИХОЛОГДУН АНТЫ

Психолог жогорку наамга ээ болуу менен жана кесиптик ишмердүүлүккө киришип жатып, мен салтанаттуу ант беремин:

  • өзүмдүн кесиптик милдетимди так аткарууга, психологдун этикалык иштөө принциптерин сактоого;
  • өз билимимди жана көндүмдөрүмдү адамдын психологиялык ден соолугун жакшыртууга, сактоого жана бекемдөөгө арноо;
  • психологиялык жактан жардам берүүгө дайыма даяр болууга;
  • адамдын жашоо-турмушуна, укугуна жана кадыр-баркына жогорку урмат көрсөтүүгө;
  • өз мугалимдеримди урматтоого жана сыйлоого;
  • өзүмдүн окуучуларыман талап кылууга жана адилеттүү болууга, алардын кесипкөйлүгүн арттырууга көмөк көрсөтүүгө;
  • кесиптештериме мээримдүү мамиле кылуу;
  • мага жардам сурап кайрылган адамдардын кызыкчылыктарынын талабы болсо, кесиптештерден жардам жана кеп-кеңештерди алууга;
  • кесиптештериме кеп-кеңеш жана жардам  берүүдөн баш тартпоого;
  • өзүмдүн кесиптик чеберчилигимди дайыма өркүндөтүүгө ;   психологиялык илимдин улуу жана асыл каада-салттарын сактоого жана өнүктүрүүгө.

Мен- өз кылган иштериме жана ойлорума таза болойун.

Билим берүү ишмердүүлүгү.

“Психология» багытын даярдоо боюнча кафедранын билим берүү ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде жүргүзүлөт.

Бүтүрүүчүлөр КР мамлекеттик үлгүдөгү бир жана эки диплом алышат. Психология кафедрасы 530300 КР даярдоо «үй-бүлөлүк психология» жана «клиникалык психология» багыттарында студенттерди чыгарат (бакалавриат деңгээли).

 «Психология» багыты боюнча билим берүү программасынын  максаттары жана милдеттери:

  • «Психология» багыты тиешелүү прфили боюнча Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик уюмдарында, эл аралык уюмдарда, илимий институттарда, орто жана жогорку окуу жайларында, саясий, коомдук, жеке жана башка уюмдарда иштөөгө көндүмдөрү бар адистерди даярдайт.
  •  Психология жаатындагы кесиптик маселелерди чечүүгө жана тандаган иш чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө жөндөмдүү, эмгек рыногунда анын социалдык мобилдүүлүгүнө жана туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү универсалдуу, кесиптик жана атайын компетенцияларга ээ болгон психологду даярдоо.
  • Кесиптик-этикалык жоопкерчиликти, критикалык ой-жүгүртүү жөндөмдөрүн, психология жаатында өзүн-өзү өнүктүрүүсүн жана өз алдынча билим алуусун калыптандырууга.
  • Психология менен тыгыз психиатрия — медицина тармагы менен байланышкан, алардын арналышы психикалык бузулууларды аныктоо жана дарылоо, психикага жана  адам тулку боюна психика аркылуу  даарылоочу таасир маселелери менен алектенген психотерапиянын, эмоциялык, инсандык, социалдык мүнөздөгү проблемалардан адамды бошотууга багытталган.
  • Психолог-студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын өнүктүрүүнү камсыздоо: максаттуулук, уюшкандык, жоопкерчиликтүүлүк, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук ж. б., жалпы маданиятты жогорулатуу үзгүлтүксүз билим берүүнүн жана өз алдынча билим алуунун алкагында өзүн-өзү өркүндөтүүгө жана өз жөндөмүн ишке ашыруу.
  • Психологиялык ишмердүүлүк боюнча кеңири профилдеги адис психологиялык борборлордогу комплекстүү тапшырмаларды чечет, жеке компанияларда, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарда ишмердүүлүктү алып барат.
  •  Психологиялык ишмердүүлүк боюнча кеңири профилдеги адис психологиялык борборлордогу комплекстүү тапшырмаларды чечет, жеке компанияларда, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдарда ишмердүүлүктү алып барат.

 

Профилдер:

  • уюштуруучулук психология
  • маркетинг жана жарнама психологиясы
  • психологиялык консультация берүү
  • дифференциалдык психология жана инсандын психология
  • баарлашуу түзүлүшүндө таануу .

Окутуу программасы:

Программанын негизинде – психология боюнча классикалык фундаменталдык билим берүүнүн жана заманбап тренингдик, консультациялык жана супервайзалык практикалардын базасында психоанализмдин методикасы окутулат.

Бул багыт боюнча:

  • адамдардын психологиялык абалын, психикалык жараяндардын мүнөздөмөсү жана адамдын же топтордун ар кандай түрлөрүн талдоо;
  • психологиялык портреттерди жана корутунду түзүү;
  • социалдык жана жеке өнүгүүдөн четтеп кетүүлөрдү алдын алуу;
  • адамдар ички жана инсандар ортосундагы маселелерди чечүүгө жардам берүү;
  • экстремалдык жана кооптуу кырдаалдарда психиканын өзгөчөлүктөрүн иликтөө;
  • оорулуу, улгайган адамдар менен иштөө;
  • алкоголизмде, баңгиликте жана башка көз карандылыктын түрлөрүндө жардам көрсөтүү;
  • жамааттын натыйжалуу башкаруу жана жамаатта жагымдуу психологиялык климатты түзүү боюнча жетекчиге жардам берүүнү окушат.

 

Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты психология жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат.

Практиканын бардык түрлөрү максаттары жана өтүү убактысы боюнча мамлекеттик агенттиктин талаптарына ылайык келет. Мындан тышкары, алар окуу жүрүшүнүн тартибине ылайык келет.

Кафедрада окуу жана өндүрүштүк практика программалары бар.

«Үй-бүлөлүк психология» жана  «Клиникалык  психология» багытында окуган студенттер:

  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден соолук борборунда
  • Бишкек шаарынын психикалык саламаттык борборунда
  • мектепке чейинки балдар мекемелеринде
  • орто окуу жайларында
  • жеке психологиялык борборлорунда практикаларын өтүшөт.

Университетте билим берүү процессин уюштуруу окуу планы, жумушчу жылдык окуу планы, окуу жылынын календардык графиги жана сабактардын расписаниеси менен регламенттелет.

Программанын негизинде – психология боюнча классикалык фундаменталдык билим берүүнүн жана заманбап тренингдик, консультациялык жана супервайзалык практикалардын базасында психоанализмдин методикасы окутулат.

Бул адистиги боюнча:

  • психикалык жараяндардын мүнөздөмөсү жана адам же топтордун ар кандай түрлөрүн, психикалык абалын талдоо;
  • социалдык жана жеке өнүгүүдөн четтеп кетүүлөрдү алдына алуу;
  •  Ички инсандык жана инсандар ортосундагы маселелерди чечүүгө жардам берүү;
  • экстремалдык жана кооптуу кырдаалдарда психиканын өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө окушат;

Кафедрада квалификациясын жогорулатуу курстарында жана чет өлкөдө окуп-үйрөнүү курстарында өздөрүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып келген жогорку квалификациялуу окутуучулар иштешет (Румыния, Индия, Франция, Малайзия, Япония, Италия).

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы

Кадрдык саясаттын жана кафедранын окуу ишинин маанилүү багыты болуп  кесиптик жана атайын сабактарды жогорку класстагы практикалоочу адистерди окутуу. Кафедранын мугалимдери жана студенттери кесиптик сынактарга дайыма катышып келет жана өз билимин өркүндөтүү менен иш алып барат.

1. Каратаев  М.М. м.и.д., профессор
2. Казыбаева  А.К. ага окутуучу, психологиянын магистири
3. Федорова С.В. ага окутуучу
4. Мамбетакунова  А.К. окутуучу
5. Молдоканова  Р.К. окутуучу
6. Сасаза А.Р. окутуучу
7. Омурзаков  Б.К. окутуучу
8. Стыценко А.Э. окутуучу

Кафедрада төмөнкү дисциплиналар  окутулат:

  • Кесиптикке киришүү
  • Жалпы психология
  • Психология
  • Генетика
  • Нейропсихологиянын негиздери
  • Анатомия, физиология ЦНС, физиология  ВНД
  • Психологиялык   консультациялоонун негиздери
  • Эксперименталдык психология
  • Психология
  • Этнопсихология
  • Социалдык-психологиялык тренингдин негиздери
  • Психологиянын тарыхы
  • Өнүгүү психологиясы жана жаш курактык  психологиясы
  • Психология
  • Юридикалык психология
  • Жүрүм психологиясы
  • Саламаттык сактоо психологиясы жана бузулуш психологиясы
  • Клиникалык психология  жана  патопсихология
  • Психофизиология
  • Психодиагностика жана психодиагностика боюнча практикум
  • Зоопсихология жана салыштырма психология
  • Психокоррекциянын негиздери
  • Биохимия
  • Гистология
  • Үй-бүлө жана үй-бүлө мамилелеринин психологиясы
  • Социалдык психология
  • Клиникалык психология жана  патопсихология
  • Инсандын психологиясы
  • Жаш курактык анатомия жана физиология
  • Латын тили
  • Психологиянын методологиялык негиздери
  • Педагогикалык психология жана психологиялык-педагогикалык практикум
  • Жалпы психологиялык практикум
  • Психогенетика

Илимий-изилдөө иштери (ИИИ)

  • Молдоканова Р.К. : «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун улгайган адамдарына гериатриялык жардам көрсөтүү системасында орто медициналык кызматкерлердин дипломго чейинки окуусун уюштурууну илимий негиздөө» темадагы кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштөөдө.

Окуу процесин уюштуруу

Окуу процесси негизиги  билим берүү программасынын мазмунун ийгиликтүү ишке ашырууну камсыздоого багытталган.

Университетте билим берүү процессин уюштуруу окуу планы, жумушчу жылдык окуу планы, окуу жылынын календардык графиги жана сабактардын расписаниеси менен регламенттелет. Университетте сабактар түзүлгөн жүгүртмө боюнча өтүлөт.

Аудиториялык сабактар

  • Аудиториялык сабактарда, практикалык( семинардык) сабактарда, лабораториялык иштеринде —студенттер изилденген окуу дисциплиналары боюнча негизги маалыматтарды алып, билимин жана жөндөмүн бышыкташат.
  • Университетте окутулуучу сабактардын негизги түрү болуп, окутуучулар дисциплинанын негизги материалдарын берген лекциялар саналат. Лекцияда окуу материалы системалуу түрдө ар бир кийинки лекциянын мазмуну менен тыгыз байланышкан түшүнүктөргө, кубулуштарга, мурда айтылган мыйзамдарга негизделет. Лекция учурунда, студенттер, адатта, мындан ары өз алдынча иштөөгө жардам берүүчү жазууларды жазышат (конспект).
  • Семинардык сабактар лекцияда жана өз алдынча иш процессинде алган теориялык билимин бекемдөө жана тереңдетүү максатында академиялык топто өткөрүлөт. Семинарларда студенттер түшүнүү жана сабактар боюнча окуу материалдарын өздөштүрүүсү жана татаал теориялык маселелер кылдат изилденгендиги боюнча илимий даражасы текшерилет.
  • Практикалык сабактардын колдонулушу студенттерди практикалык милдеттерди чечүүнүн рационалдуу ыкмаларына үйрөтүү, аларда теорияны өз алдынча колдонуу көндүмдөрүн түзүү болуп саналат.Практикалык сабактар теориялык материалдарды изилдөө менен бирге жүргүзүлөт. Жогорку курстарда профилдүү сабактар боюнча практикалык сабактар адатта иштиктүү оюндар формасында кырдаалдарды талдоо методу менен жүргүзүлөт.
  • Курстук иш- (кыскача) эреже катары, изилденип жаткан окуу дисциплинасынын бир темасы боюнча изилдөө иштерин билдирет.
  • Курстук долбоор (иш)- бул изилдөө кесиптик циклдин окуу дисциплинасынын темаларынын жыйындысы боюнча аткарылган изилдөө иштерин билдирет.

Өз алдынча иштери

Өз алдынча иш — лекциялык материалды иштеп чыгуу, практикалык (семинардык) сабактарга даярдоо, рефераттарды, докладдарды даярдоо,зачетторго жана экзамендерге даярдануу, курстук иштерди (долбоорлорду) жазуу, илимий-изилдөө иштерине катышуу ж.о.э. квалификациялык бүтүрүү ишин (долбоорду) жазуу болуп саналат.

Окутуучу-методикалык материалдарды, окутуучулардын жеке иш пландарын талдоо,  окуу процессинде ишке ашырылуучу, окуу процесси менен камсыз болуу деңгээли адистерди даярдоонун заманбап талаптарына ылайык келээрин көрсөттү.  Кафедранын окутуучулары дээрлик бардык окуу-методикалык иштерди аткарышат: автордук программаларды чыгарышат, иштеп чыгышат жана коррекциялашат:

  • лекциялар курсу;
  • тесттер;
  • текшерүү иштери;
  • экзамендик билеттер;
  • методикалык сунуштар, окуу куралдары.
  • Кафедранын окутуучулары тарабынан иштелип чыккан окуу-методикалык комплекстерде студенттердин өз алдынча иштөөсүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат.
  • Кафедранын мугалимдери милдеттүү түрдө кафедранын ар жылдык тарбиялык иш планынын негизинде студенттер менен тарбия иштерине катышат, кафедранын окутуучуларынын санындагы топтордун кураторлору ректордун буйругу менен дайындалып, жыл ичинде ар кандай тарбиялык иш-чаралар өткөрүлөт, ар жылдык отчеттордо белгиленген кураторлордун саны; кафедранын отурумдарында студенттер менен тарбиялык иштерге тиешелүү маселелер угулуп, талкуланууда.

Окуу процесси негизги билим берүү программасынын мазмунун ийгиликтүү ишке ашырууну камсыздоого багытталган.

  • Окуу сабактарынын жана сынактык сессиялардын жүгүртмөлөрү окуу планына туура келет жана студенттер менен окутуучулардын эмгегин оптималдуу уюштуруу позицияларына негизделген. Дисциплиналардын тизмеси окуу планына толугу менен шайкеш келет, сабактардын жүгүртмөсү бекитилген жана белгиленген тартипте таризделген, окутуучулардын фамилиялары, аттары жана атасынын аттары, алардын окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы келтирилген.
  • Кафедрада студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууга өзгөчө көңүл бурулат, себеби ал окуу пландарындагы эмгек сыйымдуулугунун жарымы жумшалат.

 

Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

Психология кафедрасынын  өз карамагында окуу процессин сапаттуу жана заманбап түрдө ишке ашыруу үчүн окуу жайлары, инфраструктуралар, окуу материалдары,  материалдык-техникалык , окуу процессине керектүү жардамчы аянттарды да ичине камтыган шарттары бар.

 

Кафедрада проектор, ошондой эле окутуунун башка техникалык каражаттары бар.

 

Окуу-методикалык иштери

Кафедранын педагогикалык курамы өзүнө окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду даярдоону камтыган көп окуу-методикалык иштерди аткарат. Кафедранын кызматкерлери заманбап мультимедиялык жабдууларды колдонуу менен лекцияларды даярдашат.

Кафедранын негизги басылмалары

Каратаев   М.М.

  • Кыргыз Республикасынын айылдык саламаттык сактоосунда тез жана кечиктирилгис медициналык жардам системасын өркүндөтүү. Методикалык сунуштар,  Бишкек.- 2008.- 61 б.
  • Күтүлбөгөн жерден оорулар, жаракат алуу жана кырсыктардын учурунда айылдык калктын тез жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү алгоритмдери. Методикалык сунуштар. Бишкек. 2008.-111 б.
  • Насирдин кызы Элиза, Аринбаев Б.С. Калктын ден соолугунун абалы тууралу мүнөздөмө. «Жаш окумуштуу» журналы Казань.- 2017.- №5.- 89-92-б.
  • Ашимов Ж.И., Абдрахманов Ш.Т. Саламаттык сактоо системасынын триада өнүгүү моделин баалоо:» клиникалык-стационардык жардам», амбулатордук-поликлиникалык жардам», « Жаш окумуштуу» журналы Казань.- 2017.- №14.- 232-241б.
  • Абдрахманов Ш.Т. Амбулатордук-поликлиникалык мекемелерге калктын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кайрылуусу. IN SITU илимий мезгилдүү басылышы, Инновациялык өнүктүрүүнүн европалык фонду, № 4, 2017. – 67-71-б.
  • Айылдык калктын амбулатордук-поликлиникалык жардамынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу
  • РИНЦ (илимий электрондук китепкана) индекси менен илимий журналдарга макалалар жарыяланды:
  • Каратаев М.М., Каримов Ж.М., Мурзалиев М.Т. Саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кээ бир маселелер//»Илим жана жаңы технологиялар» журналы, Бишкек.-2010. – №4.- С 69-71-б.
  • Каратаев М.М., Каримов Ж.М., Мурзалиев М.Т., Парханов А.К. Дарылоо-профилактикалык уюмдарда кадрларды башкаруу: азыркы абал жана келечекте өнүктүрүү// // Методикалык сунуштар, Бишкек.- 2010.-  25 б.
  • Каратаев М.М., Парханов А.К. ММК шарттарында дарылоо-алдын алуу уюмдарынын иши  //  « XXI кылымдын медициналык кадрлары” журналы, Бишкек. – 2010.- №4.-  4-8-б.
  • Каратаев М.М., Каримов Ж.М., Мамажанов У.А. Саламаттык сактоодогу рыноктук өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы // « XXI кылымдын медициналык кадрлары” журналы, Бишкек. – 2010.- №4.-  22-27-б.
  • Каратаев М.М., Мамажанов У.А. Медициналык кызматкерлердин саламаттык сактоо системасын реформалоого карата мамилеси // «XXI кылымдын медициналык кадрлары» журналы, Бишкек. – 2010.- №4.-  27-36-б.
  • Каратаев М.М., Мурзалиев М.Т., Джемуратов К.А., Парханов  А.К. Кыргыз Республикасынын кеңири профилдеги ооруканалардын финансылык чыгымдарынын түзүмү// “Ош Мамлекеттик университетинин Жарчысы”  журналы, Ош.- 2010. – №4.- 105-109-б.
  • Каратаев М.М., Ибраимова Д.Д. Садамкулова К.И. Дипломго чейинки билим берүү системасында коомдук ден соолук жана саламаттык сактоо боюнча билим берүү процессинин сапатын жогорулатуунун актуалдуу маселелери// Илим жана жаңы технологиялар» журналы, Бишкек.-2011. – №1.-  88-92-б.
  • Каратаев М.М., Парханов А.К. Ибраимова Д.Д. Стационардык медициналык жардамды реформалоонун жыйынтыктарын өркүндөтүү жана талдоо жолдору// “Илим жана жаңы технологиялар» журналы, Бишкек.-2011. – №1.-  129-133-б.
  • Каратаев М.М., Парханов А.К. ММК шартында дарылоо-алдын алуу уюмдарын каржылоонун айрым маселелери// “Илим жана жаңы технологиялар» журналы, Бишкек.-2011. – №2.-  76-80-б.
  • Каратаев М.М., Кочкоров М.К. Джемуратов К.А., Чапыев М.Б. Айыл жериндеги кадр ресурстарынын абалы/ / » XXI кылымдын  медициналык кадрлары» журналы, Бишкек. – 2011- №4.-  3-9-б.
  • Каратаев М.М., Насирдин кызы Элиза Чыгымдарды талдоо жана стационардык жардамга муктаждыгын аныктоо//  Борбор Азиялык медициналык журналы.-  Бишкек.- 2014.- №4.-  347-350-б.
  • Усупбаев А.Ч., Каратаев М.М., Мурзалиев М.Т. Ош облусунда заараташы оорусуна чалдыгуу// » XXI кылымдын  медициналык кадрлары» журналы, Бишкек. – 2014- №2.-  83-86-б.
  • Каратаев М.М.,  Бабаев Ф.Г., Гусейнов Х.М. Башка ички органдардын оорулары менен бирге өнөкөт бөйрөк оорулары//  «Кыргызстандын ЖОЖдорунун жаңылыктары” журналы.- Бишкек.- 2016.- №3.- 25-29-б.
  • Каратаев М.М., Исаева Б.К., Мамбетов М.А. Айыл жерлеринде медициналык тез жардамды өнүктүрүүнүн//   “Кыргызстандын илим, жаңы технологиялар жана инновациялары » журналы, — Бишкек.- 2016.- №6.-  46-51-б.
  • Каратаев М.М.,  Бабаев Ф.Г., Гусейнов Х.М. Азербайжанда бөйрөктөрдүн өнөкөт ооруларынын жайылышына жана алгачкы оорусуна чалдыгуусу// “Кыргызстандын илим, жаңы технологиялар жана инновациялары » журналы,  — Бишкек.- 2016.- №7.- 60-64-б.
  • Каратаев М.М. Кыргызстанда коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү стратегиясы//
  •  » И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Жарчысы» журналы.- Бишкек.- 2016.- №5.-  14-22-б.

 

Казыбаева А.К

  • Казыбаева А.К   “Коомубуздун жашоо зарылдыгы катары — жогорку мектепте психологияны окутуу » Бишкек – 2017-ж. “КЭАУ Жарчысы” журналы.
  • Казыбаева А.К       «Инсандын азыркы шарттарда калыптанышынын психологиялык-педагогикалык өбөлгөлөрү» Бишкек – 2017-ж. “КЭАУ Жарчысы” журналы
  • Казыбаева А.К. ЖОЖдордо психологияны окутуу //  “КЭАУ Жарчысы” №2-журналы. Бишкек 2019-ж.
  • Казыбаева А.К. Инсанды калыптандыруу-жогорку мектепте даярдоонун зарыл процессинин бири катары // “КРЭАУ Жарчысы” №4-журналы.Бишкек 2018-ж.

Федорова С.В.

  • Федорова С.В. Ден – соолук — психиканын жана мээнин диалектикалык өз ара азыгы катары.//  “БГУнун Жарчысы” №2- журналы  Бишкек.- 2016-ж. Макала
  • Федорова С.В.  Жарматов А.К.Организмге дене тарбия менен үзгүлтүксүз машыгуунун таасири.//  “И.Арабаев атындагы КМУУнун Жарчысы” журналы. Бишкек.- 2016-ж. Макала
  • Федорова С.В., Жарматов А.К. Гигиена жана спортсмендердин тамактануусу.// “И.Арабаев атындагы КМУУнун Жарчысы” журналы. Бишкек.- 2017-ж.Макала
  • Федорова С.В.  Азыркы коомдо жалгыздык феномени.// “БГУ Жарчысы” №2- журналы   Бишкек.- 2017-ж. Макала
  • Федорова С.В., Жарматов А.К. Спортсмендердин «чарчоо» психологиялык көйгөйү.//   “И.Арабаев атындагы КМУУнун Жарчысы” журналы. Бишкек.- 2017-ж. Макала
  • Федорова С.В.,  Жарматов А.К. Спорттук ишмердүүлүккө иш-аракет кылууга түрткү болуу көйгөйлөрү.// “И.Арабаев атындагы КМУУнун Жарчысы” журналы. Бишкек.- 2018-ж. Макала
  • Федорова С.В. , Усенова В.У. Даниянын коомдук иш тажрыйбасы.// Методикалык сунуштар. Бишкек 2016.
  • Федорова С.В. Психикасы бузулган адамдарды психологиялык-социалдык жактан реабилитациялоо.// Студенттер үчүн методикалык колдонмо. Бишкек 2016.
  • Федорова С.В. Жогорку мектепте студенттерге окуу ишине түрткү берүү маселелери.//   “БГУ Жарчысы” №2-журналы.  Бишкек.- 2018-ж. Макала
  • Федорова С.В., Жарматов А.К. Атлетика-дене жана рухтун сулуулук кепилдиги.// Студенттер жана окутуучулар үчүн окуу-методикалык колдонмо//  Бишкек 2018.
  • Федорова С.В. Стресс-коомдук психологиялык көйгөй катары.// Коомдук иштер жана практикалык психология боюнча практикум. Бишкек 2019.

Молдоканова Р.К.

  • Молдоканова Р.К. Академик М.М. Миррахимовго – 90 жыл.// “КММАнын Жарчысы» №4-журналы.Бишкек 2017-ж.

 

Кафедрада төмөнкү багыттар боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт::

  •  «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тутумун реформалоо»
  • «Уюмдардын ишинин психологиялык аспектилери».

 

Эл аралык иштер

Кафедра төмөнкү уюмдар менен өнөктөштүк илимий жана билим берүү байланыштарына ээ:

  • Экономика жана ишкердик башкаруу боюнча Ридж эл аралык мектеби (РИСЕБА, Латвия).

* Пан-Европалык Университети (Словакия))

  • И. М. Сеченов атындагы биринчи Москва медициналык университети, С. М. Киров атындагы Аскердик-Медициналык академиясы (Санкт-Петербург) (Россия)

* Бургас Эркин Университети

 

 

 

«Психология» кафедрасынын студенттеринин ИИИ

Иш-чаранын аталышы Өткүрүү убактысы жана орду Катышуучунун аты-жөнү Сыйлыктары(медалдары, дипломдору, грамоталары ж.б.)
1 «Азыркы жаштардын илимий жетишкендиктери жана ачылыштары»  2018-ж. 23-март. КРЭАУ, Бишкек ш. Абдрахманова А.     2-даражадагы диплом
2 «Азыркы жаштардын илимий жетишкендиктери жана ачылыштары» 2018-ж. 23-март. КРЭАУ, Бишкек ш. Дулдаева  А.     1-даражадагы диплом
3
«Азыркы жаштардын илимий жетишкендиктери жана ачылыштары» 2018-ж. 23-март. КРЭАУ, Бишкек ш. Бабичева  К.     3-даражадагы диплом
4 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция 2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Тихонова  М. Сертификат
5 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция 2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Галимова К. Сертификат
6 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция 2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Абдрахманова А. Сертификат
7 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция 2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Дулдаева А. Сертификат
8 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция

 

2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Голикова В. Сертификат
9 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция 2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Байдылдаева А. Сертификат
10 «Азыркы жаштардын жүрүм-турумуна карата коомдун социалдык жактан каалаган жана күтүлүүчү сунуштарынын таасири» студенттик  конференция 2018-ж. 28-ноябрь.

КРЭАУ

Бишкек

Бабичева К. Сертификат
11 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Бабичева К. Сертификат
12 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Исаева Э. Сертификат
13 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Садыкова Д. Сертификат
14 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Исламова У. Сертификат
15 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция 2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Мамбетова К. Сертификат
16 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Ренатов А. Сертификат
17 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Чеботараева О. Сертификат
18 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Абдрахманова А. Диплом

2ой степени

19 «Жаштардын коррупцияга каршы күрөшүүгө көз карашы» студенттик илимий-теориялык конференция  

2018-ж.6-декабрь. КРЭАУ

Бишкек

Дулдаева А. Диплом

1 ой степени

Иш-кагаздар:

Кафедра жөнүндө жобо

Кафедранын иш планы

Кафедранын жыйындарынын планы

Календардык график

Кафедранын модулдук графиги

Кафедранын модулдук графиги (кош диплом)