Апрель революциясы, «Биздин замандын баатырлары»
2018-жылдын 3-апрелинде Кыргызстан Эл аралык университетинде апрель элдик революциасынын 8-жылдыгын өткөрүү иш-чаралар планына ылайык, «Биздин замандын баатырлары » аттуу апрель окуясына катышкан революционерлердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.
ϴткөрүлгөн иш-чарага «Айкөл Таза Коом» Апрель Элдик Революциясынын Баатырлары, Коомдук Бирикменин төрагасы Кыргызбек Жумаканов жана анын мүчөлөрү Кыдырмышов Самыйбек, Тургунбаев Бакыт, Ашыралиев Данияр, Кашкарбеков Талант, «Филология жана коммуникация» кафедрасынын мугалимдери менен студенттери катышты.
Иш-чаранын ачылышы апрель баатырлары жөнүндө тартылган даректүү тасмадан үзүндү көрсөтүлүшү менен башталды. Студенттердин катышуусунун негизинде болуп өткөн тегерек столдо өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка үндөө, мекенди сүйүү жана коомдук-саясий окуялардын кыргызстандыктарга мааниси жогору экени белгиленди. Ошондой эле студенттер тарабынан келген конокторго суроолор берилип, тегерек стол кызыктуу өттү.
Иш-чара Кыргызстан Эл аралык университетинин Филология жана коммуникация кафедрасы тарабынан демилгеленип, уюштурулду.
«Филология жана коммуникация»
кафедрасынын окутуучусу Айгуль Токтогулова