21-февраль – Эл аралык эне тил күнү
Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясында жарыяланган. Ал 2000-жылдан баштап эне тилдерди жана ар түрдүү маданияттарды өнүктүрүү максатында белгиленип келе жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Бизнести башкаруу кафедрасы тарабынан «Язык — путь к единству и созиданию» аттуу онлайн форматында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын башталышында КРнын гимни менен башталып, окуу иштери жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору т.и.к. доц Өмүрзакова Жылдыз сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды Эл аралык эне тил күнү менен куттуктады.
“Тегерек столдун негизги максат кыргыз элинин, кыргыз тилинин айланасына этносторду бириктирүү, этностор ортосунда биримдикти, ынтымакты бекемдөө болуп саналат. Бүгүнкү күндө КРЭАУда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына негизделип университетте көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү иштери жүрүп келет”,- деди КРЭАУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, Өмүрзакова Жылдыз Кубанычбекова .
Тегерек столдун жүрүшүндө, ар кандай орчундуу маселелерге кенен токтолуп, өз сунуш-пикирлерин жазып жатышты .Талкуу кызыктуу, маанилүү болду. Соңунда модераторлор жүргүзүлгөн иштерди жыйынтыкташып, резолюция кабыл алынды.