Кыргыз тили жана адабияты
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик юридикалык академиясынын Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борбору тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз тили жана адабияты” предметин окутуунун айрым маселелери” усулдук семинары
2019-жылдын 21-майында саат 9-30дан 13-00гө чейин “Кыргыз тили жана адабияты” предметин окутуунун айрым маселелери” усулдук семинары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик юридикалык академиясынын Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борбору тарабынан өткөрүлдү. Бул семинарга КРЭАУнун азыркы тилдер кафедрасынан доценттин м.а. М.Э.Зарипова жана окутуучу Т.Д.Коңурбаева катышты. М.Э.Зарипова өз сөзүндө тесттердин деңгээлдер боюнча түзүлүүсү, сабакта А1,2 деңгээлдерге кыргыз адабиятын берүү маселелерин көтөрүп чыкты. Семинарга Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын мамлекеттик тил боюнча адистери жана проректорлору катышып, “Кыргыз тили жана адабияты” предмети боюнча 2020-жылы өткөрүлө турган мамлекеттик тестирлөөгө тиешелүү маселелер каралды. Алардын ичинен эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп: аталган предметтин типтүү жана бирдейлешкен программасынын жоктугу, тесттердин деңгээлдер боюнча түзүлүүсү, сабакта А1,2 деңгээлдерге кыргыз адабиятын берүү маселелери каралды.
Семинардын жыйынтыгында:
- Жумушчу топ түзүлүп, типтүү программа үчүн жооптуулар аныкталды;
- ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистердин өз ара байланышын бекемдөө үчүн жана маселелрди чечүү багытында ишти илгерилетүү максатында бирдиктүү Watsapp түзүлдү;
- Сунуштар жана пикирлер протоколго киргизилип, семинардын резолюциясына кошулду.