Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына арналган видеороликтер жана онлайн куттуктоолор акциясын жыйынтыктоо аземи
Билим берүү мекемелеринде уюштурулган республикалык видео жана онлайн куттуктоолор акциясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды
2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан “КР мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын 31 жылдыгына карата билим берүү мекемелери арасында өткөн видео акция жан онлайн куттуктоолор сынагынын жыйынтыктоо аземи Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Батыш кампусунун кичи жыйындар залында өттү.
Аземдин ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев сөз сүйлөп куттуктады.
Акцияга 300гө жакын онлайн куттуктоо, видеоролик даярдалып, социалдык тармактарга жайгаштырылган. Анда мамлекеттик тил күнүнө арналган көркөм окуу, макал-ылакаптарды айтуу жана кыргыз тилин даңазалаган ырлар каралган.
Көптүн арасынан өзгөчөлөнүп, тандалып алынган эмгектердин ээлери, жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарына жана белектерине ээ болушту.