“Манас” эпосу бүткүл дүйнөлүк маданий мурас”аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция жөнүндө маалымат
Конференция 2019-жылдын 6-декабрында саат 9:00дөн 14:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Чыгыш кампусунда болуп өттү. Конференцияга белгилүү манасчылар, жождордун “Манас таануу” сабагын берген окумуштуу, окутуучулары, Бишкек шаарынын 10 жогорку окуу жайынын, ошондой эле конференцияны уюштурган КРЭАУ мекемесинин окутуучулары жана 50дөн ашуун студент катышты.
Конференциянын программасына ылайык пленардык отурумда И.Арабаев ат. Мамлекеттик педагогикалык университеттин доценти, филология илимдеринин кандидаты Н.А.Иманбердиева жана КРЭУнун “Манас таануу” боюнча окутуучусу А.М.Каримова баяндамалары менен чыгышты. Илимий секциялардын отурумдарында баяндамалар жана макалалар угулуп, талкууланды.
Конференциянын аягында ар бир катышкан студентке жана алардын жетекчилерине тастыктама берилди.