«Улут болсом- тилим менен улутмун» аттуу иш – чарасы
Барыбызга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна ээ болгонуна (1989-жылдын 23-сентябрындагы «Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө » Кыргыз ССРнин Закону) 29 жыл болот, расмий майрамдалып келе жатканына 9 жыл толот.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде студенттердин катышуусунда Мамлекеттик тил майрамына арналган «Улут болсом- тилим менен улутмун» аттуу иш – чара болуп өттү. Иш — чаранын негизги максаты, студенттерди кыргыз тилин сүйүүгө, руханий баалуулуктарды, улуттук тарыхый эс-тутумду жана маданиятты билүүгө үндөө.
Метка:День кыргызского языка, праздник