Улуттук программа боюнча жыйын
2019 – жылдын 5 – ноябрында Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинде Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгынын алкагында лицейлер жана ЖОЖдордун кыргыз тилчи мугалимдеринин катышуусунда кыргыз тилинин улуттук программасы боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев сөз сүйлөп, анда улуттук программаны калыпка салуу жана кемчиликтерин оңдоо үчүн болгон бир катар маселелерди көтөрүү менен аны оңдоо үчүн аткарылып жаткан иштерди айтып өттү.
Ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн жаңы идея менен жаңы улуттук программанын түзүлүшү жөнүндөгү маселе келечектеги 5 жылдыктын ичине камтылган чечиле турчу негизги маселе экендиги айтылды.
Жыйында бир катар мугалимдерге кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн сунуш, ой – пикирлерин айтууга жарыш сөз берилди. Жыйын Уулан Жолдошбекованын илимий – монографиясынын бет ачары менен соңуна чыкты.
Жыйынга катышкан мугалимдер:
доц. м.а. А.А. Исмаилова;
окутуучу Жолдошбек кызы Ж.