Урматтуу кесиптештер!
“Манас” эпосу күнүнө карата 2019-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде “Манас” эпосу бүткүл дүйнөлүк маданий мурас” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Дареги:Кыргызстан, Бишкек ш., Чуй проспектиси, КРЭАУ Батыш кампус, 255.
Конференциянын тили: кыргыз, орус тилдери.
Конференция төмөндөгүдөй тематикалык багыттар боюнча өткөрүлөт:
- “Манас”эпосу кыргыз элинин тарыхый жана рухий маданиятын изилдөө булагы.
- “Манас” эпосундагы байыркы кыргыздардын саясий, укуктук жана социалдык-экономикалык тутуму.
- “Манас” эпосу дүйнөлүк маданият мурасы.
Конференцияга катышуу үчүн 2019-жылдын 26-ноябрына чейин электрондук почта аркылуу баяндамалардын тексттерин РИНЦ талап кылган таризде жиберүү керек.
Конференцияга катышкандарга тастыктама берилет.
Баяндамалардын электрондук форматы жана каттоо баракчасы төмөнкү электрондук почталарга жиберилет:
sov309@mail.ru( 3 секция); anarbekova123@ mail.ru(2 секция); gpn_mukr.ru@ mail.ru(2 секция); Kafedra-end@ mail.ru(1 секция)
Уюштуруу комитети Бишкек ш., Турусбеков көчөсү, 255, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети, 3-кабат, 305,309 кабинеттер.
Маалымат үчүн телефондор: 0772009979, 0773887548