“Инновациялык билим берүүдөгү мамлекеттик тилдин келечеги”
2020-жылдын 20-ноябрында И.Раззаков атындагы КМТУнун башкы корпусунун кичи жыйындар залында “Инновациялык билим берүүдөгү мамлекеттик тилдин келечеги” аталышындагы онлайн илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Чакырылган коноктор: КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун мамлекеттик тил боюнча адистери, окутуучулары, кызматкерлери.
Бул илимий- тажрыйбалык конференцияларга ар тараптуу түзүмдөрдөн келген өкүлдөр:
- Жумагул кызы Айнура И. Раззаков атындагы КГТУ ф.и.к.,доцент Санариптештирүү процессинин алкагында аралыктан билим алууда мамлекеттик тилди өнүктүрүү.
- Осмоналиева Гүлмира Касыкеевна Ж. Баласагын атындагы КУУ ф.и.к., проф. Кыргызтест системасы менен окутуу жана дистанттык «онлайн» форматтагы билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү.
- Мырзакматова Минайим Осмоналиевна Кыргызстандын Эл аралык Университети м.а. доцент улук окутуучу. (Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Бугу эне жомогунун негизинде.
- Исираилова Акдана Маматалиевна И. Раззаков атындагы КМТУ п.и.к., доцент Тексттер менен иштөөдө инновациялык ыкмаларды колдонуу жолдору аттуу темаларда өз баяндамаларын баяндашты.
Кыргыз тилин үйрөтүүдө онлайнсабак аркылуу жазуу ишин жүргүзүүнүн инновациялык усулдары (кесиптик багыттагы адистиктердин мисалында).
Аралыктан окутууда студенттердин жалпы профессионалдык компетенттүүлүгүн калыптандыруу.
Санариптештирүү процессинин алкагында аралыкта билим берүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Конференцияга жигердүү катышкан баяндамачыларга тастыктама берилди.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Азыркы тилдер кафедрасынын окутуучусу Исмаилова Айгүл катышты.
Метка:Конференции