Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы жана аны баалоо критерийлери
2020-жылдын 25-ноябрында саат 10.00дө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы жана аны баалоо критерийлери аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун максаты – жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү аткарылып жаткан иштерди талкуулоо жана андан ары өркүндөтүүгө карата баалоо критерийлерин сунуштоо
Тегерек столдун катышуучулары: КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, мамлекеттик тил боюнча проректорлору, билим берүү мекемелеринин сектор башчылары
Тегерек столдун жүрүшүндө:
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы жана аны баалоо критерийлерине токтолушуп, конкреттүү кадамдарды сунушташты. Соңунда модераторлор жүргүзүлгөн иштерди жыйынтыкташып, резолюция кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окуу иштери жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, Өмүрзакова Жылдыз Кубанычбекова . Азыркы тилдер кафедрасынын орун басары доц.м.а. Ф.Э. Сулайманова, доц.м.а. М.Э. Зарипова, доц.м.а. А.А. Исмаилова, ага окутуучу Т.Д. Коңурбаева, окутуучу Н.Шатенова катышышты
Метка:Конференции