КРЭАУ мамлекеттик тилге арналган онлайн талкууга катышты
Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 9 айлык планына ылайык, ББжИМдин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жана Ош МУ мамлекеттик тил күнүнө карата 23-сентябрда онлайн талкуу өттү. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Эл Арылык университетинин мамлекеттик тилди өнүктурүү боюнча проректору Омурзакова Ж.К, ага окутуучулары Исмаилова А.А., Зарипова М.Э., да катышты.
Талкуу учурунда негизги багытты — интернеттин тилди өнүктүрүүдөгү ролу, сабаттуулукка тийгизген таасири тууралуу болду.
Эксперттер талкууга төмөнкү темаларды алып чыкты:
- Ф.и.д., профессор Жаанбай Элчиев — «Сабаттуулук — эне тилдин жүзү» (Жазууда көп кетирилген орфографиялык, пунктуациялык каталар тууралуу)
- Ф.и.к., доцент Аттокур Жапанов — “Колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдү активдүү лексикага кошууда интернеттин ролу” (Унутта калып бараткан көөнө сөздөр, макал-лакаптар, фразеологизмдер тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына жүктөгөн постторунун мисалында айтып берет)
- Ф.и.к., доцент Майниса Кошуева — “Иш кагаздарын туура жазуу — жогорку сабаттуулукту талап кылат” (Иш кагаздарда кетирилген каталар, иш кагаздарынын реквизиттери тууралуу айтып берет)
- Публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаев — “Сабаттуулукка окуткандардын сабаты” (ЖОЖдордун, АОЖдордун кээ бир мугалимдери, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрүнүн сабатсыздыгы тууралуу кеп кылат)
Метка:Кыргызс тили, Обсуждения, ОшГУ