“Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү” алкагында эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция
2020-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан «Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Андан тышкары ушул эле күнү КРдин Билим берүү жана илим министрлиги Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Сабаттуулук-кыргызтилин өнүктүрүүнүн башаты” аттуу онлайн конференция өттү. Бул илимий- тажрыйбалык конференцияларга ар тараптуу түзүмдөрдөн келген өкүлдөр баяндама жазашты. Алар өз сөздөрүндө учурдагы эне тилдин абалына токтолуп, ар тараптан көйгөйлөрдү чечүү боюнча маселелерди баса белгилешти. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Өмүрзакова Жылдыз Кубанычбекова Азыркы тилдер кафедрасынын окутуучусу Исмаилова Айгүл катышты.
Метка:Zoom, Конференции, Наука, Образование