Мамлекеттик тил боюнча тегерек стол
2020-жылдын 17-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан
ЖОЖдордогу мамлекеттик тил боюнча проректор, мамлекеттик тил боюнча кафедра башчылары, мамлекеттик тил боюнча адистерге жана эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу боюнча онлайн тегерек стол болуп өттү.
Алынган тегерек столго 50дөн ашуун профессордук-окутуучулук курам катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө, ар кандай орчундуу маселелерге кенен токтолуп, өз сунуш-пикирлерин жазып жатышты .Талкуу кызыктуу, маанилүү болду. Соңунда модераторлор жүргүзүлгөн иштерди жыйынтыкташып, резолюция кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окуу иштери жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору, Өмүрзакова Жылдыз Кубанычбекова . Азыркы тилдер доц.м.а. А.А. Исмаилова, катышышты.