Тил улуттун кузгусу
Ар бир элдин өзүнүн тарыхы, маданияты, үрп-адаты болот. Улуттун өз тили болбосо, анда ал улуттун келечегин элестетүү кыйын. Анткени тарыхын, маданиятын, үрп-адатын кантип түшүндүрүп, келечек муунга мурас катары калтырып кетет? Эгер тили болбосо. Тил ошол жашап жаткан улуттун, коомдун күзгүсү катары кызмат аткарат.
Тарыхка көз чаптыра турган болсок, мындан туура 30 жыл мурун, тактап айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соӊ кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам кыргыз тилибиз, мамлекеттик деген статуска ээ болгон. Андыктан 2004-жылы Жогорку Кеӊештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаӊыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Кыргыз Республикасынын мамлекетти тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алынганына 30 жыл толду. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп келет.
Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети студенттер тарабынан өткөрүлгөн Кыргызстандын ЖОЖдору тарабынан улантылышын күтөбүз.
3-курстун Филология жана коммуникация
кафедрасынын студенти Камбалаева Айгуль .