Тилим – менин тирегим!
Мындан туура 30 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1989- жылы 23 – сентябрда кыргыз тили – мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Азыркы тилдер кафедрасы тарабынан «Тилим менин тирегим» аттуу адабий кече өткөрүлдү.
Иш – чарада студенттерди мамлекетти сүйүүгө, руханий баалуулуктарды, улуттук тарыхый эс тутумду жана маданиятты билүүгө үндөө, өз эне тили менен катар эле башка тилдерге да аяр мамиле жасоого үйрөтүү. Ата – бабаларынын намысын, маданиятын бийик тутуу менен аларды мекенчилдикке, сабырдуулука тарбиялоо. Студенттердин сүйлөө кебин, эске тутуусун, ой жүгүртүүсүн, чечендик өнөрүн өркүндөтүү. Адабий кечеге окуу жайда окуган 1 – курстун бардык факультеттеринин студенттери катышты. Адабий кечеге активдүү катышкан студенттер мактоо баракчалары менен сыйланышты.