21-февраль-Эне тилдин эл аралык куну
Ар кандай улуттун башкы байлыгы –анын эне тили. Эне тилсиз эл карып, ошондуктан, баарынан мурда сөз улук, оболу сөз жаралган дешкен байыркы бабаларыбыз. Дүйнө элдеринин ыйык китептеринде да ушул ойлор айтылат.
Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясында жарыяланган. Ал 2000-жылдан баштап эне тилдерди жана ар түрдүү маданияттарды өнүктүрүү максатында белгиленип келе жатат.
Ырас, Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Мамлекеттик жана расмий тили жөнүндө мыйзамдарында, Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясында,ошондой эле, Кыргыз Республикасында 2014-2020- жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында өлкөбүздө жашап жаткан этностордун эне тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кепилдиктер камсыз кылынып келе жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан “Кыргызтандагы тил саясатын өркүндөтүүнүн абалы жана мейкиндиги” аттуу республикалык илимий- тажрыйбалык конференция болуп өттү. Бул илимий- тажрыйбалык конференцияда ар тараптуу түзүмдөрдөн келген өкүлдөр баяндама жазашты. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Өмүрзакова Жылдыз Кубанычбекова «Шаардык кыргыздардын арасындагы этнотилдин түрүмдөрү» аттуу темада баяндама жасады. Ал өз сөзүндө учурдагы эне тилдин абалына токтолуп, ар тараптан көйгөйлөрдү чечүү боюнча маселелерди баса белгиледи. КРЭАУин Азыркы тилдер кафедрасынын окутуучулары катышышты.