Илим изилдөө иштерин жүргүзүүнүн иш тартиби КРЭАУда ИИИ,СИИИнин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт,окуу жайда бөлүмдөрдүнжобосуна ылайык илим изилдөө иштерин

жүргүзүү жылдык пландардын негизинде аныкталат.

Илимий изилдөө иштеринин суроолору кафедралар боюнча жободо ,башка бөлүктөр профессордук-окутуучулук уюмдун жеке планында чагылдырылат.

Ар жыл сайын КРЭАУ  илим изилдөө иштерин өнүктүрүүнүн жолдорун пландайт жана иш жүзүнө ашырат.

Илимий изилдөө долбоорлорун жайылтуу  окуу жайда ,кафедраларда ,уюмдарда эл аралык ,аймактык,элдик конференцияларда,тегерек стол,илимий жыйындарда,ЖОЖдогу

тажрыйбалуу окутуучулар жана практиканттар, о.э. жаш мугалимдер, аспиранттар, магистранттар жана студенттер менен жолугушууларда жарыяланган макалалар,окуу колдонмолор, монографиялар  менен ишке ашырылат. Эксперттердин атайын чакыруусу менен университеттерге ар түрдүү багыттагы илимий изилдөө иштери боюнча конок дарстар өтүлөт.

КРЭАУ да 2018-жылдын 16-октябрында Кыргыз-Белорус билим берүү жана изилдөө борбору ачылган.Бул борбор өнөктөштүк алкагында КРЭАУ менен П.М.Машерова атындагы Витебск мамлекттик университетинин  ортосунда түзүлгөн,Витебск мамлекеттик университетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жогорку билимдүү адистикке даярдоо жана мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатын көздөйт.

Борбордун иш жүргүзүү багыты биргелешкен билим берүүчүлүк, илимий – изилдөөчүлүк жана жаңыланган долбоорлорду дардоо жана ишке ашыруу, ошондой эле “Кош дипломдуулук”программасын түзүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү максатында студенттер, профессордук-окутуучулук түзүм университеттерде алмашып дарстарды өтүу.

Бул борбордун ишмердүүлүк иш-аракеттери ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жогорку мектептердин дүйнөлүк  билим  берүү мейкиндигине теңелүүгө түрткү берет.

Жаңыланган илимий — билим берүүчүлүк борбордун багыты учурдагы технологиялык талаптарга ылайык, стандарттагы  сапаттуу  билим берүүнү камсыздоону көздөйт.

Жаштар келечектеги маанилүү салмакка ээ коомдогу активдүү катмар экендигин эске алып, Эл Аралык университет мамлекеттеги жаштар саясатын колдойт.

Окуу жайда алдыңкы окумуштуулар менен студенттер менен бирдикте иш алып барууда  илимий изилдөө иштерине жаштар жигердүү катышат.

Студенттик илимий коом жана клубдар бар, ар жыл сайын университетте студенттик жыйындар, кеңешмелер, предметтик олимпиадалар, жаратылыштык, техникалык, коомдук, гуманитардык жана экономика илимдери боюнча республикалык илимий иштерди уюштурат.