“Кана эмесе, кыздар!”
2020-жылдын 3- мартында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 8- март аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кыргызстан аялдары форуму” тарабынан, Бишкек шаарындагы Жогорку окуу жайларынын арасында “Кана эмесе, кыздар!” — аттуу сынак болуп өттү.
Бул иш – чарада студенттерди мамлекетти сүйүүгө, руханий баалуулуктарды, улуттук тарыхый эс тутумду жана маданиятты билүүгө үндөө, өз эне тили менен катар эле башка тилдерге да аяр мамиле жасоого үйрөтүү. Ата – бабаларынын намысын, маданиятын бийик тутуу менен аларды мекенчилдикке, сабырдуулукка тарбиялоо. Сынакка окуу жайда окуган 1 – курстун бардык факультеттеринин студенттери катышты.
Сынакка катышкан студенттер тастыктама баракчалары жана дипломдор менен сыйланды.
Сынактын жыйынтыгында:
1- орун — И.Арабаева атындагы МУУ -20.000 сом;
2-орун — КРЭАУ- 15.000 сом;
3-орун — И.Раззаков атындагы КМТУ-10.000 сом;
4- орун — Ж.Баласагын атындагы КУУ- 5000 сом.