5-мартта Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде “Филология жана коммуникация” кафедрасынын 2-3-курс журналисттери үчүн “медиасабатуулук” деген теманын негизинде тренинг болуп өттү
Ага “Филология жана коммуникация” кафедрасынын мугалимдер жамааты келип катышты. “Медиасабатуулук” боюнча «Филология жана коммуникация» кафедрасынын окктуучусу Айгуль Токтогулова ММКдан жана социялдык тармактардан келген ар түрдүү маалыматтарды туура баалоону жана анализдөөнү, сын көз менен ой жүгүртүү керектиги жана бул багыт журналисттер арасында дагы, маалыматты керектөөчүлөр арасында ишке ашырууга сунушталатургандыгы жөнүндө айтып өттү. Тренингде азыркы учурда жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги “фейк маалымат” маселеге айланганын белгилеп, бул жаатта журналисттердин иш алып баруу зарылдыгын жана медиа сабатуу болуу керектигин кошумчалап кетти. Ошону менен бирге социялдык тармактардын оң жана терс жактары менен карапайым элдин маалымат алууда кезиктирген кыйынчылыктар тууралуу баяндады. Андан тышкары студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берди.