6-мартта Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы салтанаттуу белгиленди.
6-мартта Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык жыйында КРЭАУнин университетинин ректору, профессор А. Адиева жана университеттин мырзалары жалпы аялзатын майрамы менен куттуктады.
«Кымбаттуу энелер, кадырлуу айымдар! Сиздерди алдыбызда келе жаткан 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Урматтуу айымдар, Сиздерди биз теңдешсиз ыйык нерселерге, ааламга нурун чачкан айга, күнгө, жер жайнаган жыпар жыттуу түркүн гүлгө салыштырып келебиз. Ушундай улуулук менен сулуулуктарыңыздарды ырга да, күүгө да кошуп, бал татыган баалуу сөздөр менен даңктап да, барктап да келебиз. Ар дайым аман жана бар болуңуздар кадырлуу энелер жана асылзада айымдар. Нур тамган жүзүңөрдөн эч качан жылмаюу менен күлкү кетпесин. Бактылуу балдарыбыздын шаңдуу күлкүсү ар бир үйдө жаңырсын. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!»
Майрамдык жыйындын жүрүшүндө «Ыраазычылык кат» менен доц.м.а. Фарида Сулайманова, доц. м.а. Айгүл Исмаилова, окутуучу Тинатин Коңурбаева, Жолдошбек кызы Жылдыз сыйланышты.
Студенттер тарабынан чакан концерт тартууланды.