КРЭАУнин ректору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин видео конференциясына катышты
2020-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Исаков Каныбек Абдуваситович, өлкөнүн университеттеринин ректорлору жана өкүлдөрү катышкан видео конференцияга Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин ректору А. Адиева катышты.
Конференциянын жүрүшүндө окуу процессин аралыктан алып барууну уюштуруу, вебинар форматында лекцияларды өткөрүү, онлайн режиминде модулдарды тапшыруу ж. б. маселелер талкууланды. Министр мындан тышкары ректорлорго көзөмөлдү камсыз кылышына жана түзүлгөн кырдаал абалына карабастан, окуу процесси толук көлөмдө улантылышына көңүл бурду.