«Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жогорку билим берүү уюмдарында билим берүү процессин уюштуруунун куралдары жана технологиялары » аттуу темада семинар
2020-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Батыш кампусунун Мамлекеттик жана коомдук башкаруу жогорку мектеби жана (РФ) Кубан мамлекеттик университетинин адистерди кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте «Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жогорку билим берүү уюмдарында билим берүү процессин уюштуруунун куралдары жана технологиялары » аттуу темада эл аралык семинар өткөрдү:
(РФ) КубМУнун адистерди кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башчысынын орун басары Чуракова О., (РФ) КубМУнун маалыматтык технологиялар Башкармалыгынын башчысынын орун басары Фоменко М.А., спикерлер чыгып сүйлөштү.
Бул семинардын максаты – аралыктан окутууну, электрондук окутууну уюштурууда профессордук- окутуучу курамдардын, методисттердин жана адистердин ишин уюштуруу жаатында тажрыйбаалмашуу
Семинарга 60тан ашык катышуучулар жигердүү катышышты, КРЭАУнун профессордук-окутуучулук курамы гана эмес, ошондой эле башка ЖОЖдордун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КМЮУнун, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Авиценна атындагы Эл аралык медициналык институнун, Кыргыз Эл аралык университетинин политехникалык колледжинин, жетекчилери, окутуучулары катышышты.