АRES-2020 жогорку окуу жайларынын эл аралык рейтингинде КЭАУ 9-орунду ээледи
Европалык илимий-өнөр жай палатасынын маалыматтарына ылайык,
Кыргызстан Эл аралык университети Кыргызстандагы 28 университеттин ичинен 9-орунду ээлөө менен, 2020-жылдын AcademicRankingofWorldUniversities-EuropeanStandardдын (ARES) Топ-200 рейтингинине кирди .
ARES Жогорку окуу жайларынын рейтингин түзүүнүн максаты- университеттердин студенттерди зарыл болгон билимдер менен камсыз кылуу жөндөмдүүлүктөрүн баалоо, окуу жайлардын илимий-изилдөө ишмердүлүктөргө катышуусу жана бүтүрүүчүлөрдүн мансаптык келечеги
ARES рейтингин эсептөө «адамдык факторду» эске албаганда, автоматтык түрдө болот. Баалоонун критерийлери катары BFUG Болондук процесстин координациясы боюнча Топто жактырылган жана ЕС Жогорку билим берүү министрлеринин конференциясында бекитилген жогорку билим берүүнүн Европалык стандарттары кабыл алынган.