Мамлекеттик жана коомдук башкаруу жогорку мектебинин базасынын негизинде эл аралык онлайн-семинар болуп өттү
2020-жылдын 7-майында, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Батыш кампусунун Мамлекеттик жана коомдук башкаруу жогорку мектеби жана (РФ) Кубан мамлекеттик университетинин адистерди кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте «Жогорку билим берүү уюмдарында билим берүү процессин уюштуруу үчүн курал катары онлайн курстарды долбоорлоо жана уюштуруу » аттуу темада эл аралык семинар өткөрдү:
Мамлекеттик жана коомдук башкаруу жогорку мектебинин жетекчилери спикерлерге-(РФ) КубМУнун кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун башчысынын орун басары О.Чураковага (РФ), КубМУнун маалыматтык технологиялар Башкармалыгынын башчысынын орун басары М.А Фоменкого терең ыраазычылык билдиришет.
Бул семинар профессордук- окутуучу курамдардын, методисттердин жана адистердин аралыктан окутууну, электрондук окутууну уюштурууда, айрыкча онлайн курстарын долбоорлоо иштерин уюштуруу жаатында тажрыйба алмашууга багытталган
Белгилей кетсек, аталган семинарга 80ден ашык катышуучулар — 12 ата мекендик ЖОЖдордун, колледждердин окутуучулары, ошондой эле Ажинияза атындагы (Өзбекстан Республикасы)Нукус мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары катышты.
Метка:конференциялар