Кыргыз Республикасынын 2021-2025- жылдардагы мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын долбоору
2020-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын 2021-2025- жылдардагы мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын долбоорун талкылоо боюнча онлайн конференция болуп өттү.
Конференциянын максаты:
- Мамлекеттик тилдин учурдагы абалын талдоо
- Мамлекеттик тилди билим берүүнүн негизги тилине айландыруу зарылдыгы.
- Мамлекеттик тилди социалдык — коммуникациялык чөйрөдө жайылтуу
- Коомдо тил маданиятын арттыруу.
Малекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г. Ү Ибраимова сөзүндө долбоор менен кенен тааныштырып,талкууга койду. Онлайн конференциянын жүрүшүндө Жалпы билим берүүчү орто мектептердин, башталгыч, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жана ЖОЖдордун ортосунда долбоор боюнча өтө курч маселелер талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Өмүрзакова Жылдыз Кубанычбекова . Азыркы тилдер кафедрасынын орун басары доц.м.а. Ф.Э. Сулайманова, А.А. Исмаилова катышышты.