Мамлекеттик тил боюнча билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар жана алардын аткарылышы .
2021-жылдын 26-январында Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КГЮА) мамлекеттик тил борбору «Мамлекеттик тил боюнча билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар жана алардын аткарылышы» аталышындагы онлайн семинар өттү.
Семинарда темага байланыштуу көйгөйлүү маселелер жана 2021-2025-жылдары КРнын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча талкуу жүрдү.
Семинардын максаты: Мамлекеттик тилге байланыштуу ЧУАларды талдоо жана андагы жүзөгө ашпай жаткан механизмдерди талкуулоо, алгылыктуу сунуштарды киргизүү.
Семинардын катышуучулары: КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, жогору окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, окутуучулары, мектеп мугалимдери кашышты.