Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинен Нарын районуна 300 китеп
“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун Нарын районундагы координатору Жанара Кадырова жана университеттин “Филология жана коммуникация” кафедрасынын 2-курсунун студенти ыктыярчы Асанбек кызы Айтбүбү тарабынан көтөрүлгөн демилгеге колдоо көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети университет ичинде бир айлык жарыялап, мугалимдер жана студенттер 300дөн ашуун китеп чогултуп беришти.
Демилгенин максаты – Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жаңы китепканалардын ачылышына өбөлгө түзүп, окуу китептери менен камсыздоочу коомдук долбоорду ишке ашыруу болуп саналат. Демилгечилердин айтымында, азыркы учурда аймактарда 161 китепкана ийгиликтүү ишке киргизилген. Ошондой эле бул долбоордун алкагында Нарын районундагы 9 айылга 11 китепкана ачуу пландалууда.
Университеттин Илимий китепканасынын жамааты долбоорго активдүү катышкан ар бир адамга терең ыраазычылык билдирет!