Кыргыз илиминдеги жылдыз
Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия беш айлык жарыялаган. Залкар инсандын өрнөктүү өмүр жолун жаштарга үлгү кылуу, эмгектерин, илимий мурасын, чыгармаларын жайылтуу, коомчулукту сабаттуулукка үндөө максатында уюштурулган беш айлыктын алкагында университеттин Илимий китепканасы тарабынан“Кыргыз илиминдеги жылдыз” деген аталыштагы китеп көргөзмөсү болуп өттү. Бул иш чара онлайн форматта өткөрүлүп, Касым Тыныстановдун басып өткөн жолу, чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат берилди.