Эл аралык бөлүмүнүн негизги миссиясы :
- Эл аралык майданда Университеттин аброюн жакшыртуу жана бекемдөө;
- Университеттин негизги стратегиялык милдетин ишке ашыруу, эл аралык деңгээлге жетишүүгө багытталган окуу жана илимий-изилдөөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн атаандаштыгын жыйынтыгы;
- эл аралык макулдашуу жана келишимдердин санын арттыруу, натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Чет өлкөлүк билим берүү мекемелер , уюмдар, жана фирмалар менен кызматташтык келишимдердин долбоорлору, ниеттер жөнүндө протоколдорду, макулдашууларды даярдоо;
- чет элдик жогорку окуу жайлар менен, университеттин кызматкерлери жана окутуучулары үчүн алмашуу программаларды ишке ашыруу;
- студенттер, окутуучулар жана кызматкерлерди чет мамлекеттерде маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүк — издөө, талдоо, окутуу жана тажрыйба алуу үчүн гранттар, маалыматтар менен камсыз кылып, конкурстук программалар жана башка мүмкүнчүлүктөр боюнча маалыматтарды жеткирүү;
- конференцияларды, семинарларды, дарстарды , ошондой эле эл аралык жайкы мектептерде: эл аралык уюмдар иш-чараларды өткөрүү;
- чет өлкөлүк өнөктөштөр (эксперттер, адистер, профессордук-окутуучулар курамы), маданий-массалык программаларды, экскурсияларды уюштуруу;
- Эл аралык долбоорлорго катышуу үчүн табыштамаларды даярдоо боюнча жумушчу топтордун ишин жөнгө салуу, техникалык колдо көрсөтүү жана билдирүү берүүдө кеңеш берүү.
Программалар:
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети студенттер үчүн төмөнкү түрдөгү программаларды сунуштайт:
Кош дипломдуулук программасы: Программа » кош дипломдор» чет өлкөлүк өнөктөш окуу жайларында окутууну , аталган окуу жайдын билим берүү программасы боюнча окууну аяктагандыгы жөнүндө диплом алууну сунуштайт .
Тилдик такшалуу: Тилдик такшалуу – бул чет тилдин чет өлкөдө интенсивдүү курсу .Мөөнөтү 2-4 жумага созулат
Өнөктөштөр:
- Бургасс Эркин университети — Болгария
- Гульельмо Маркони Университети — Италия
- Болон университети — Италия
- Варнен Эркин университети — Болгария
- Пан-Европа университети — Словакия
- Риж Техникалык университети — Латвия
- Туриба университети — Латвия
- Түштүк- Казак педагогикалык университет- Казакстан
Батыш кампусунун Эл аралык байланыштар боюнча проректору -Джангазиев Калмурат Ишенович