Жаштар канаты – бул КРЭАУдагы студенттердин коомдук бирикмеси, ыктыярдуу, өзүн-өзү башкарган, соодалашылбаган, окуу жайдагы студенттердин демилгеси менен түзүлгөн, орток негизде алардын кызыкчылыгын көздөгөн, миссияларын, жалпы максаттарын жана милдеттерин көздөгөн негизги уюм.

Миссия

Катардагы студенттен чыныгы инсанды өзү окуган окуу жай жана мекен үчүн эң зарыл болгон чыныгы лидерликке чейин такшалган  окумуштууну жогорку деңгээлдеги адистикке чейин өстүрүү,тарбиялоо,даярдоо

Биз, КРЭАУнун студенттери, чогулуп келип, Эл аралык университеттин коомдук жашоосун жакшыртуу  о.э. толук кандуу инсандын азыркы коомдо калыптануусун ишке ашырабыз.

Расмий аталышы: КРЭАУдагы жаштар канаты

Жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси 255

Иш чөйрөсү: КРЭАУдагыстуденттердин коомдук турмушу

Жаштар канатынын алдына койгон максаттары жана милдеттери

Башкы максаты: Окуу жайдагы студенттик жааматтын бардык тараптуу өнүгүүсүн социалдык-экономикалык, саясий жана башка шарттарды түзүү болуп саналат, руханий-адеп-ахлактык, акыл-эс жана дене боюнун кудуреттүүлүн, социалдык жана экологиялык, жан дүйнө маданиятын көтөрүү.

Милдеттери: окутуу жана башкаруу багыты(окутуучулар курамынын иштерине катышуу, конкурстарды уюштуруу, алдыңкы студенттердин катарына кармоо, аларга кошумча билим берүү боюнча маалыматтарды жеткирүү ж.б)

Илимий багыты: (тегерек столдорду,семинарларды өткөрүү, маалымат системасы, илимий басылмалар мүмкүнчүлүгү жана изилдөө долбоорлоруна катыштыруу ж.б).

Социалдык багыты:(КРЭАУдагы студенттик комиссия менен кесип бирлигинин биргелешүүсү менен студенттердин окуудагы мыкты жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн сыйлыктарды ыйгаруу, жол акы, материалдык жардамдар, санаторияларда, пансионаттарда эс алуу жана дарылануу боюнча маалыматтарды берүү.

Студенттик жашоону жакшыртуу (бөлүмдөгү жатаканын абалы боюнча комиссиянын ишине катышуу, жатаканага жашоочулардын маалыматтык берилмелерин тактоо, ал жердеги коомдук тартипти сактоо, окуу бөлмөлөрүнүн абалдарын, бөлүмдүн ичиндеги тамак –аш менен камсыз  кылууну, жатаканадагы ыңгайлуулуктун  үстүндө иш алып баруу ж.б).

Спорттук багыты: (спорттук клубдар, секциялар тарабынан мелдештерди уюштуруу, жеңүүчүлөр боюнча маалыматтарды жеткирүү, сабактан тышкаркы мезгилдерде дене тарбиясы жана спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүү, спорттук мелдештерге билеттер, жетишкендиктер менен камсыз болушуна көмөктөшүү ж.б).

Маданий-массалык багыты (факультеттер аралык иш-чараларды уюштуруу, музейлерге, театрга, көргөзмөлөргө, дискотекаларга, экскурсияларга баруусун камсыздоо ж.б).

Студенттерге алардын укуктары жана милдеттери, окуу жайдагы жүрүш- туруш эрежелерин бузуудагы жоопкерчиликтер боюна маалыматтарды берүү.

Окуу жайдагы Жаштар канаты менен башкаруу уюму(окумуштуулар кеңеши, деканат, кафедралар, лабораториялар ж.б) менен биргеликте жөнгө салуучу башкаруу системасы болуп түзүлгөн.

Жаштар канатынын мүчөлөрү керектүү документтерди  даярдоо (ЖОЖдогу маанилүү чечимдерди чыгаруу үчүн студенттердин укуктар, алардын тартип жоопкерчилиги боюнча маселелер, башкаруу органдарынын алдындагы жоопкерчиликтер, КРЭАУдагы окуу жайдын ички тартибин бузууда окуу жайдан чыгаруу, адеп –ахлактык, ж.б. түзүлгөн келишимдерди бузуу ж.б)

Факультеттер, ЖОЖдор  аралык мамилелерди  жайгаруу, бекемдөө максатында о.э. башка коомдук уюмдар, окуу жайлар ортосунда иш-чараларды уюштуруу, тажрыйба алмашуу.

Окуу жайдагы тайпа башчылар (староста) Жаштар канатынын туруктуу өз ара аракетттенүүчү кыймылдаткыч  башкаруу күчү болуп түзүлгөн.

Өткөрүлгөн тайпалар аралык, курстар аралык мелдештер жалпы биримдикке чакыруу, бир туугандык сезимдерин бекемдөө менен айкалыштырылат.

Студенттердин коомдук чөйрөсүндөгү топтордун өкүлдөрүнүн (староста) орду негизги күч катары түзүлөт. КРЭАУ жана Жаштар канаты студенттердин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды берет, көпчүлүктүн демилгелеринин ишке ашыруусуна, кошумча билдирүүлөрдү жеткирет о.э. аларды  ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.

Студенттердин ар тараптуу талаптарын (секция, клубдар ж.б.)коомчулуктун алдында ачык, жеткиликтүү өз алдынча жеткире алуусун көздөө — Жаштар канатынын негизги багыттарынын бири.

Алар өткөргөн иш-чаралар, ректоратка, деканатка, кафедраларга жана башка окуу жайдын бөлүмдөрүнө таасирин берет.

Окуу иштеринин жүрүшүндө мезгил талабына ылайык окутуунун сапатын өркүндөтүү боюнча студенттердин илимий жана кесиптик кызыкчылыгын көздөгөн сунуштарды иштеп чыгуу, окуу жайдын башкаруу уюму бул сунуштарды камсыз кылат жана андан ары өнүктүрүү, иш жүзүнө  ашырууну камсыздайт.

Иш-чараларды уюштуруу боорукер инсандын калыптануусуна(ардагерлерге колдоо көрсөтүү, кайрымдуулук боюнча өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу, илимий даражадагы окумуштуулар, маданият жана искусствонун эмгек сиңирген ишмерлери менен жолугушуулар)шарт түзөт.