Университеттин эң башкы максаты болуп, окуунун стандарттарын илим изилдөө иштери жогорку деңгээлде өнүккөн европалык, америкалык жана азиялык университеттердин деңгээлине жеткирүү. 1999-2009 ж .ж Американын жана Германиянын жарандары илимдин доктору даражасы үчүн диссертация жакташып, КЭУнун дипломдору аты аталган өлкөлөрдө таанылган.

КРЭАУда доктордук мектеби окумуштуулар кеңешинин  2013-жылдын 16-апрелиндеги №7 чечимине ылайык ушул эле жылдын 1-сентябрынан ачылган.

Билим Берүү жана Илим министрлигинин улуттук туруктуу стратегияны өнүктүрүү боюнча 2013-2017-жылдардыгы буйругуна ылайык “Доктордук программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу”  долбоору жумушчу топ тарабынан мамлекеттик талапка ылайык ЖОЖдор үчүн дипломдон кийинки билим берүү боюнча ишке киргизилген.

Бул программа боюнча убактылуу  регламент иштелип чыккан.

Билим Берүү программасын окумуштуулардын деңгээлиндеги экономика ,бизнести башкаруу жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча философия илимдеринин доктордук деңгээлинде 2013-жылы КРЭАУ лицензияга ээ болгон.

Көрсөтүлгөн пилоттук программа КРЭАУда , БФЭАда, Н.Исанов ат.КМКТАда, К.И.Скрябин ат.КУАУда, Ж.Баласагын ат. КУУда жана И.Раззаков ат.КМТУда  башталган. Кийинки каралуучу дагы бир ЖОЖ  КРнын Президенттине караштуу  Академия болуп эсептелинген.

Жогорку докторлук мектептин кызматкерлери дайыма жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги стажировкадан өтүшөт, эл аралык деңгээлдеги конференцияларды, семинарларды жигердүү алып барышат.

2019-2020-окуу жылы үчүн доктордук жогорку мектебине кабыл алуу төмөнкү адистиктер боюнча жүрөт:

  • Экономика
  • Бизнес башкаруу
  • Педагогика
  • Укук таануу
  • Айлана-чөйрө, жаратылышты колдонуу
  • География (туризм)
  • Филология
  • Философия
  • Маалыматтык технология
  • Эл аралык мамилелер

Окутуунун түрү: күндүзгү 180кредит 3жыл

Документтерди кабыл алуу:

Тапшыруучу магистр илимий даражасында же 5 жылдык дипломдуу адис болушу шарт.

  1. Арыз(Тирекме 1);
  2. Өздүктүгүн далилдеген документ (паспорт);
  3. Диссертациянын кыскача тематикасы;
  4. Жазуу түрүндө илимий жетекчи менен макулдашуу  (эркин форма);
  5. Электрондук формада анкета (Тиркеме 2);
  6. Эмгек китепчеси (кадрлар бөлүмү тастыктаган);
  7. Жогорку билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариустан бекитилген);
  8. Англис тилинен тест тапшыргандыгы боюнча сертификат (нотариустан бекитилген);
  9. 3,5*4,5 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт;
  10. №086-У үлгүсүндөгү медициналык маалым кат (справка);
  11. Илимий изилдөө иштеринин тизмеси (эгер бар болсо);

Положение PhD 

Кененирээк маалымат вебсайтта: http://iuk.kg/abiturient/phd-abit/

Документтерди  тапшыруу:

Абдрахманова Айгуль Турсуновнага Докторантура жогорку мектебинин администратору

Тел. 996 (312) 61-33-32
E-mail: phd@iuk.kg