Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде УлууАта Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлөт
Кыргыз Республикасынын Эл аралыкуниверситети Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык студенттик илимий-практикалык видео конференцияга катышууга чакырат.
Конференциянын максаттары:
- совет элинин жана СССРдин фашисттик Германияны талкалоого кошкон салымын илимий жактан түшүнүү;
- Улуу Жеңиштин руханий жана психологиялык башаттарын аныктоо;
- Ата Мекендин аскердик тарыхына коомдук кызыгууну жогорулатуу;
- согуш жылдарындагы совет элинин эрдигинин чагылдырылышы;
- Жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоо.
Видеоконференциянын негизги темалары:
Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы өлбөс-өчпөс эрдиги
Биздин тарыхыбыз, биздин жеңишибиз – биздин азыркы муунга тарбия берүүбүз.
Элдик эрдик жана элдик трагедия: УлууАта Мекендик согуштун тарыхы
Улуу Ата Мекендик согуш, анын тарыхый эс тутумдагы жана КМШ жарандарынын аң-сезиминдеги ролу жана мааниси
Видеоконференцияны өткөрүү убактысы: 2020-жылдын 4-майы, 13:00 (Бишкек) 10:00 (Москва) 10:00 (София)
Өтүүчү жер: Видео-конференция Zoom платформасы аркылуу (кардардын колдонмосун орнотуу талап кылынат)
Форматы: Бардык кызыккан студенттер, аспиранттар, докторанттар конференцияга катыша алышат
Чыгуу ишинин узактыгы 3 мүнөттөн ашык эмес болуш керек.
Тили: кыргыз, орус, англис
Конференция жөнүндө маалымат
Конференциянын программасы.